25-апрелдеги Улуттук кеңешменин кезектеги отурумунда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө азыркы мыйзамдын кемчиликтери бар экенине токтолду.
“Албетте, азыркы мыйзамдын кемчилиги бар. Парламентте бир эле айылдан беш депутат отурат. Мыйзамды оңдош кыйын. Биздин парламент жакшы чечим чыгарарына ишенели. Парламентке ишенсек болот. Талашып-тартышып жатып акыры жакшы чечим кабыл алып берет”,- деди өлкө башчы Атамбаев.