Бүгүн, 26-апрелде Бишкектеги мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Ата Мекенди коргоодо, кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн бир катар аскерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
“Кыргызстандын тарыхын карасак, кыйын кездерде, коркунучтарда, жалаң эле аскерлер эмес, карапайым эл да чыккан. Алар жерин сакташ үчүн жоо бетинде туруп келишкен. Бизде баатыр кыздар да болгон, бул нерсе биздин эпосторубузда айтылган”,- деди өлкө башчысы.
Анын айтымында, кээ бир саясатчылар Кыргызстанды түндүк-түштүккө бөлүүгө ниеттенүүдө. Биздин эр жигиттерибиз мамлекетти бөлүүгө жол бербейт. "Бир нече азаматтарыбыз элибиз үчүн жан берип жатышат. Өлкөбүздө орун алган акыркы окуяларда алар өз эрдигин далилдешти. Өтүп кеткендерди унутпайбыз. Кыргызстанга тынччылык керек. Мекенибиздин ынтымагын сактап калышыбыз керек",- деди президент.
Андан соң Алмазбек Атамбаев бир катар аскерлерди жана курман болгондордун туугандарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.
III даражадагы Манас ордени менен:
Александр Барыкин (курман болгондон кийин) - Ысык-Көл облусунун Мергенчилер жана балык уулоочулар коомунун директору;
Изат Буйлашов - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын зардалы;
Уларбек Шаршеев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн командири;
Эрдик медалы менен:
Элзаир Абдыкаимов - Коргоо министрлигинин 52870-аскер бөлүгүндө отряд командири;
Бакытбек Абдыраев (курман болгондон кийин) - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын айдоочу-милиция кызматкери;
Русланбек Арыкбаев - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун административдик чарбасынын башчысы;
Аскарбек уулу Таштанбек - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын инспектору;
Кутман Асылбеков - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы 2-тобунун чалгынчысы;
Арген Бейшенов - Коргоо министрлигинин 52806-аскер бөлүгүнүн отрядынын ага чалгынчысы;
Максат Дуванаев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн “Көк-Таш” чек ара тозотунун зардалы;
Канат Дүйшөналиев (курман болгондон кийин) - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин 2022-аскер бөлүгүнүн “Самаркандек” чек ара тозотунун зардалынын орун басары;
Үсөн Максытов - Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам аракеттенүүчү атайын отрядынын 1-бөлүмүнүн кенже оперкызматкери;
Асылбек Матмусаев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн командири;
Батыр Молдошев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын 3-тобунун командири;
Акжигит Орозов - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы 1-тобунун чалгынчысы;
Райимкул уулу Баатырбек - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын чалгынчысы, фельдшер;
Адылбек Сейдалиев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн командиринин тарбия иштери боюнча орун басары, бөлүмдүн зардалы;
Шерикбек Сулайманов - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы 1-тобунун чалгынчысы;
Арстанбек Сулаймбеков - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн ыкчам иштер бөлүмүнүн ага офицери;
Алтынбек Токтоматов - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы 2-тобунун командири;
Адилет Үмөталиев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын 2-тобунун ага чалгынчысы;
Бакыт Шамуратов - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн “Ак-Шыйрак” чек ара кызматынын бөлүмүнүн материалдык-техникалык камсыздоо боюнча кызматкери;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:
Алмаз Исраилов - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы 1-тобунун командири;
Гылычбек Маккамбаев - Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын атайын багыттагы 2-тобунун чалгынчысы;
Азат Элчибеков - Коргоо министрлигинин 30630-аскер бөлүгүнүн тобунун командири;
Санжарбек Эркинбаев - Коргоо министрлигинин 52870-аскер бөлүгүнүн командири.