Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында жалпысынан 9 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2 , Ош облусунда 2, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.