Жалал-Абадда “Жашыл долбоордун” алкагында 30 гектар кооптуу аянтка көчөттөр отургузулуп жатат

Жалал-Абад облусунда “Жашыл долбоордун” алкагында 30 гектар аянт жерде жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустун кооптуу аймактарында иштерди жүргүзүүгө 62 жер тилке сунушталып, бүгүнкү күндө аны ишке ашыруу максатында 5 объектидеги 30 гектар жерге жалпысынан 15 миңге жакын көчөт, 500 килограмм урук отургузулду.

Айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен айыл жашоочулары бул долбоорду колдой тургандыктарын билдиришип, эгер көчөт, урук менен камсыз кылынса, аларды отургузууга жана себүүгө жана курулуш материалдары берилсе, ишти алып кетүүгө даяр экендиктерин билдиришүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан