Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мстислав Ивановдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Даңк орденинин толук кавалери Мстислав Ивановдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

“Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Даңк орденинин толук кавалери Мстислав Борисович Ивановдун дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым”,- деп белгиленди көңүл айтууда.

Президент Кыргызстан мекенибиздин татыктуу дагы бир уулунан ажырагандыгын баса белгиледи.

“90 жылдык мааракесине байланыштуу акыркы жолугушуубузда Мстислав Борисович кезектеги Жеңиш күнүн шайдоот тосуп алам деген зор үмүттө турган. Өлкөбүздөгү азыркы кырдаал тууралуу ой-пикирлерин ортого салган. Ардагерибиз өлкөбүз үчүн, Кыргызстан үчүн чындап күйгөн”,- деп белгиледи мамлекет башчысы.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Мстислав Борисович Ивановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан