Бишкекте "Чернобыль" атомдук электростанциясынын жарылуусу эскерилди

Бүгүн, 26-апрелде Ю.Фучик атындагы сейил багында Украинанын Чернобыль шаарында жайгашкан "Чернобыль" атомдук электростанциясынын жарылуусунун 28 жылдыгына карата иш-чара өттү. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, Бишкекте Чернобылдагы жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышкан 305 адам жана жаракат алгандардын 44 үй-бүлөсү жашайт.

Иш-чаранын жүрүшүндө борбордун вице-мэри Айгүл Рыскулова аларга ыраазычылыгын билдирип, "биз ар дайым сиздердин эрдигиңиздерди эч качан унутпайбыз" деди.

Мындан тышкары ушул аптанын ичинде борбор калаанын ар бир районунда атайын иш-чаралар уюштурулуп, Чернобылдагы жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышкандарга 2 миң сом, маркум болгондордун үй-бүлөлөрүнө 3 миң акчалай жардам берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан