Бактыбек Жусубалиевге жана Сүйүнбек Өмүрзаковго генералдык наамдар тапшырылды

Бүгүн, 26-апрелде КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев КРнын Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев менен КРнын ИИМинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүнбек Өмүрзаковго генерал наамдары тапшырды. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык, Бактыбек Жусубалиев менен Сүйүнбек Өмүрзаковго “милициянын генерал-майору” деген кезектеги атайын наамдар ыйгарылган.

Алмазбек Атамбаев өлкөдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда ички иштер органдарынын жоопкерчилиги өзгөчө экендигин айтты. Өлкө башчысы элдин ишенимине татыктуу болуш үчүн милиция кызматкерлери али көптөгөн иштерди аткарууга милдеттүү экендигин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Бактыбек Жусубалиев менен Сүйүнбек Өмүрзаковго коомдо тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматтарында ийгилик каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан