Депутаттар 8-12-январь күндөрү аймактарда шайлоочулар менен жолугушат
Жаңы жылдык эс алуудан соң, тактап айтканда, 8-12-январь күндөрү депутаттар аймактарда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт. Бул тууралуу токтом ЖКнын 29-декабрдагы жыйынында кабыл алынды. Белгилей кетсек, ЖКда 2-3-4-январь жумуш күндөрү 2012-жылдын 29-декабрына жана 2013-жылдын 12 жана 19-январына которулган.