Кечээ, 26-апрелде Ош шаардык кеңешинин кезексиз 17-сессиясында кабыл алынган Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн программасы боюнча Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов өз оюн айтты.
Анын айтымында, программа шаардыктардын социалдык-экономикалык талаптарын эске алуу менен түзүлгөн. “Жаңы мектептерди, бала бакчаларды куруу, таза суу берүүнүн, коомдук транспорттун, газ, электр энергия менен камсыздоонун сапатын арттыруу сыяктуу конкреттүү пландар бар экен. Бул программа ишке ашса, элдин жашоо шарты оңолуп, шаардын инфраструктурасы жакшырат”,- деди ал.
Ошондой эле төрага программаны иш жүзүнө ашырууну шаардык кеңеш көзөмөлгө ала турганын жана зарылдыгына жараша толуктоолорду кошсо боло турганын кошумчалады.