СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Сүймөнкул Чокморовдун 75 жылдык мааракесине карата 29-апрелде Ош улуттук драма театрында салтанаттуу марафон өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош облустук администрациясынын басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.
Маалым болгондой, марафон өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өтөт. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков аппараттык жыйында аталган марафонду жогорку деңгээлде өткөрүү керек экендигин баса белгиледи.
“Сүймөнкул Чокморов кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, мындай баатыр, таланттуу замандаштарыбызга өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Ал жараткан эмгектер бүт дүйнөгө белгилүү, ошондуктан Чокморовдун 75 жылдык юбилейине арналган марафон жогорку деңгээлде өтүүсү үчүн жогорку деңгээлде даярдыктар көрүлсүн”,- деди ал.