Вице-премьер Тайырбек Сарпашев жана ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов өкмөттүн облустук өкүлчүлүктөрүнүн, тиешелүү министрликтердин кар көчкүгө даярдыгын текшерет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин тапшырмасынын негизинде ӨКМ Ички иштер министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине, Транспорт жана коммуникация министрлигине жана Өкмөттүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарындагы өкүлдөрүнө кар көчкүгө, кар күрткүсүнө, кар аралаш бороонго даярдыктарына карата күтүүсүз текшерүү жүргүзөт. ӨКМ автожолдор кыймылы токтотулбайт деп билдирет.