26-апрелден 27-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында Түп районунун Балбай айылында жол кырсыгы катталган. Анда Киа Шума унаасы жолдун каршы тарабында келе жаткан БМВ 525 унаасын сүзүп алган.
Анын кесепетинен эки унаанын айдоочулары жана жүргүнчүлөрү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ал эми Киа Шума унаасынын жүргүнчүсү, ырчы Фархат Кеңешбек уулу алган жараатынан ошол жерден каза тапкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "Окуя болгон жерде 1985-жылы туулган Таалай уулу Адилетти куткаруучулар автоунааны кесип чыгарышкан, эки буту сынып, оор жаракаттары менен "Тез жардам" унаасы аркылуу райондук ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгы болгон жерде куткаруучулар келгенге чейин 1 адам каза болгон жана оор жаракат алган 3 адам "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген" деп маалымдады.
Эске салсак, кечээ, 27-апрелде ырчынын жол кырсыгынан каза болгону айтылган.
Айта кетсек, 2013-жылы 27-ноябрда Бишкектеги тойканалардын биринде "Кайдагы сүйүү?", “Сулууга” деп ырдаган эстрада ырчысы Фархат Кеңешбек уулу Асема аттуу селкиге баш кошуп, үлпөт тоюн өткөргөн эле.