Асылбек Жээнбеков “Кыргыз тили чыныгы мамлекеттик статуска ээ болушун Конституцияга жазып коюу жетишсиз экенин көрдүк”

"Коомдун басымдуу бөлүгү сүйлөгөндө гана кыргыз тили чыныгы мамлекеттик тил болот". Муну 25-апрелде Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Кыргыз тилине мамлекеттик тил деген статус берилгенине чейрек кылым болгонун белгилеген төрага буларды айтты:

“Кыргыз тили кагазда гана эмес, коомубуздун турмушунда да чыныгы мамлекеттик статуска ээ болушу үчүн Конституцияга жазып коюу жетишсиз экенин баарыбыз көрдүк. Кыргыз тили нагыз мамлекеттик статуска качан ээ болот? Качан гана мыйзам чыгаруу, кагаз жүгүртүү, сот аткаруу, бийлик менен жарандардын карым-катнашы, расмий документтерди чыгаруу, массалык маалыматтарды таратуу, билим берүү сыяктуу иштер негизинен кыргызча жүргүзүлгөндө. Эң негизгиси – мамлекетте жашаган коомдун басымдуу көпчүлүгү ушул тилде сүйлөп, жазып, ойлонгондо гана кыргыз тили чыныгы мамлекеттик тил болот. Кыргызстандын ар бир жараны кыргыз тилди билиши зарыл. Орусияда орус тилин, Англияда англис тилин, Казакстанда казак тилин билүү кандай зарыл болсо, Кыргызстанда кыргыз тилин билүү так ошондой эле зарыл болушу керек”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан