Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген унаа жолу бир тараптуу ачылды
7-январда Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган жолду кардан тазалоого 2 жүк ташуучу унаа, 2 бульдозер жана 1 даана кар тазалоочу атайын техника иштеди. Эске салсак, аталган унаа жол кар күрткүсүнөн улам 2-январь күнү жабылган болчу.