Шайлоолорду таза өткөрүү – депутаттарды жана башка бийлик өкүлдөрүн тандоодо адилеттүүлүктү сактоо гана эмес, коомдогу стабилдүүлүктү камсыз кылуу. Муну 25-апрелде өткөн Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Айтымында, таза шайлоо өткөрүү үчүн парламенттин ролу чоң. Жыйында “Таза шайлоолор - өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн кепили” темасында талкуу болду.
“Биз, депутаттар, шайлоо процессин ачык-айкын, таза өткөрүүгө багытталган, элибиз күтүп жаткан бул мыйзамдарды тезирээк карап, талкуулап, кабыл алууну парламенттин негизги приоритети катары карайбыз. Дагы бир жагдай - шайлоого катышкан партиялардын көптүгү жана өтө эле майдаланып кеткендиги. Ири саясий бирикмелердин калыптанышына дем берген иштерди аткаруу, саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамды өркүндөтүү - президенттин жогоруда айтылган жарлыгында белгиленген үч маселенин бири”,- деди төрага.