Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер боюнча комитети бүгүн, 28-апрелде көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жыйында Баткен облусунун сотторунун (Баткен райондук соту, Баткен облусунун райондор аралык соту, Баткен облустук соту жана Кадамжай райондук соту) кызматтык имараттарынын абалы текшерилет.
Көчмө жыйындын максаты - соттордун имараттарынын абалын, материалдык-техникалык жактан жабдылышын жана жарандардын сот адилеттүүлүгүнө жетимдүүлүгүн аныктоо.