Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык соттук-медициналык экспертизалар борборунун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде А.З. аттуу жаран кайрылган. Анда ал соттук-медициналык экспертизалар борборунун Бахтияр аттуу кызматкери апасынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү үчүн 8 миң сом талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин 5-башкармалыгы тарабынан ыкчам аракеттер жүрүп, аталган борбордун кызматкери арыз ээсинен 4500 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.