Курмантай Абдиев: "Өмүрүн прокуратурага арнап пенсияга чыккан кызматкер 6800 сом пенсия алат"

ЖКнын 2012-жылдагы акыркы жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга карата президенттин каршы пикири каралып, добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоорунун автору Курмантай Абдиевдин айтымында, сот жана прокуратура органдарынын кызматтары негизинен окшош. Өмүрүн прокуратура кызматына арнап пенсияга чыккан прокуратура кызматкерлери орто эсеп менен 6800 сом пенсия алат. Ал эми пенсияга чыккан сот кызматкерлеринин айлыгы алда канча жогору. Мындан сырткары прокуратура кызматкерлери тарабынан экономикалык кылмыштардын бети ачылып, мамлекетке, мисалы, 2011-жылы 164 миллион сом кайтарылган. Мына ушундай себептерден улам мыйзам аркылуу пенсияга чыккан прокурорлордун пенсиясын 1,5дан 2,5 эсеге чейин жогорулатуу маселеси каралып жатат. Жыйынтыгында бул мыйзамга карата президенттин каршы пикири Социалдык комитеттин чечими менен добуш берүүгө жиберилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан