Депутаттар малды жазгы эмдөөнүн үзгүлтүккө учурашы боюнча тийиштүү министрликтин маалыматын угууну талап кылышууда

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 28-апрелдеги жыйынында депутаттар малды жазгы эмдөөнүн үзгүлтүккө учураганын айтышты. Депутат Абдимуталип Кочкорбаев бул маселе боюнча тийиштүү министрликтин маалыматын угууну сунуштады.

“Бул тармакта абал татаал экени, малды эмдөө үзгүлтүккө учураганы айтылды. Айыл чарба министри жыйында отурат, бул боюнча анын маалыматын угалы. Эмне көйгөй болуп жатканын айтып берсин”,- деди Кочкорбаев.

Депутат Талант Узакбаев бул маселеге аталган министрликтин башчысынын тиешеси жок экенин билдирди эле, комитет төрагасы Сайдулла Нышанов “бул киши (ред. депутат Кочкорбаев) ветеринария тармагын сизчелик ийне жибине чейин билбейт” деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан