Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бала бакчаларга кабыл алуудагы коррупцияны токтотууну талап кылды

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсановго бала бакчаларга жайгаштыруу үчүн акча талап кылуу улантылып жатканына тынчсыздануусун билдирип, бул терс көрүнүштөргө каршы чечкиндүү чаралар көрүлүшүн талап кылды. Ошондой эле тийиштүү иш-аракеттер тезинен жүргүзүлбөсө, чаралар көрүлөрүн эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов бул маселеге шаардагы бала бакчалардын жетишсиздигин себеп катары көрсөтүп, түшүндүрүү иштери жүрүп, алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин да шаарда балдар бакчалары жетишсиз экени айтылып, мэрия сунуштап жаткан Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн программасында 4 жыл ичинде 840 орундуу жаңы балдар бакчаларын куруу максаты коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан