Ысык-Көл облусунун Түп райондук ички иштер башкармалыгында кызматтык иликтөө жүргүзүү зарыл. Муну парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 28-апрелдеги жыйынында Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Сабир Атажанов билдирди. Айтымында, аталган райондогу токойлордо дарактардын кыйылышы боюнча РИИБ мыйзамсыз иштерди жасап жатат. Түп райондук токой чарбасынын директору Максат Мукамбетовдун билдиришинче, кыйылган дарактар боюнча фактылардын бетин ачканы үчүн аны укук коргоо органдары куугунтукка алууда.