Парламентте бүгүн, 28-апрелде өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун угуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кечигишине байланыштуу экинчи маселе болуп каралууда (күн тартибинде биринчи маселе болчу). ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов кечиккени үчүн Сарпашевди сынга алды. “Сизди жакшы иштейт деп шайладык эле. Биринчи вице-премьер-министр болгондон бери жыйындарга кечигип келе баштадыңыз. Сиздин кечиккениңизден маселени кароону жылдырууга туура келди”,- деди депутат.
Тайырбек Сарпашев буга: “Саат 9:30да өкмөт башчынын салттык жыйыны өтөт. Апталык планды талкуулайбыз, ошого кечигип калдым. Мындан кийин кайталанбайт”,- деп жооп берди.