Жалал-Абад облусунда болгон катуу шамал турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 01:10 чамасында болгон катуу шамал Жалал-Абад шаарындагы Азимов көчөсүндө жайгашкан №40-үйдүн чатырын учуруп кеткен. Ошондой эле үйдүн чатыры учуп келип короодогу унааны басып калган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, унаадагы чатырдын калдыктарын тазалап беришкен.