Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 28-апрелдеги жыйынында депутаттар айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевди сынга алышты. Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов: “Чет өлкөгө чыгып, "Кыргызстанда ветеринария жок" деп айтыпсыз. Жок эмес, бар. Колдон келишинче каржыланып, иштеп жатат. Сыртка чыкканда абайлап сүйлөңүз”,- деди.
Керималиев минтип айтпаганын билдирди эле, депутат буга далил бар экенин айтты.
Айта кетсек, комитет жыйынында өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.