Айыл чарба министри: “Картошканын кымбаттап кетишине кыргыз-тажик чек арасынын ачылышы себеп болду”

Кыргызстанда картошканын кескин кымбаттап кетишине кыргыз-тажик чек арасынын ачылышы себеп болду. Муну бүгүн, 28-апрелде парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев айтты. 

“Кыргызстанда былтыр 1 миллион 315 миң тонна картошка өндүрүлгөн. Өлкөдө керектеле турган картошканын көлөмү 362 миң тонна. 1 миллион тоннасы экспортко кетет. Жакында кыргыз-тажик чек арасынын ачылышынан картошканын баасы кескин көтөрүлүп кетти”,- деди министр.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев: “Экспортко кеткен азык-түлүктүн бааларынын кымбатташынан чочулабашыбыз керек. Мунун оң жагы да бар, дыйкандардын мээнети акталат. Ал эми бааларды жасалма жол менен, атайын кымбаттатуулардын алдын алышыбыз зарыл”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан