Депутат Карганбек Самаков орусиялык Ооган согушунун ардагерлер бирлигинин ордени менен сыйланды
ЖКнын депутаттары Карганбек Самаков менен Кенжебек Бокоевге орусиялык Ооган согушунун ардагерлер бирлигинин “Эмгек сиңиргендиги үчүн” ордени ыйгарылды. Бул орденди Жаңы жыл алдында КРнын Ооганстан ардагерлер бирлигинин төрагасы, депутат Нурлан Төрөбеков тапшырды. Мындай чечим Орусияда өткөн ооганчылардын кезектеги курултайында кабыл алынып, сыйлык Ооган согушунда каза болгон жоокерлердин элесин эскерип бир катар иш-чараларды өткөргөндүгү, учурда Ооган ардагерлерин камкордукка алып келе жаткандыгы үчүн берилгенин айтты Төрөбеков.