“Кыргыз тамекиси” ишканасынын жетекчисине пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

“Кыргыз тамекиси” ишканасынын жетекчисине пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, аталган ишкананын жетекчиси “Ош-Дюбек” акционердик коомунун төрагасынын милдетин аткаруучуну “жумуштан кетирем” деп коркутуп, банктык которуулар аркылуу 4 миң доллар жана 148 миң сом алган.

Учурда “коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” жана “коммерциялык паралап сатып алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан