Ысык-Көл облусунун Түп райондук токой чарбасынан дарак кыюу боюнча 2013-жылы 7 факт катталган. Ага прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, бирок натыйжа чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин жыйынында Түп райондук токой чарбасынын директору Максат Мукамбетов билдирди.
“Түп райондук токой чарбасында 4 токой бар. Анын бири Каркыра токою. Ал Казакстан жана Ак-Суу району менен чектеш турат. Анда 7 жолу мыйзамсыз кыюу болгон. Мыйзамсыз дарак кыюу боюнча биз прокуратурага кайрылдык. Тилекке каршы, эч кандай жыйынтык чыкпай жатат. Көп иштер жабылып калууда. Ушул боюнча депутаттык комиссия түзүп беришиңерди суранам”,- деди Мукамбетов.
Жыйында комитет төрагасы Сайдулла Нышанов комиссия түзүүнүн кажети жок экенин билдирди.