Өкмөттүн жеңилдетилген насыяларын берүүдө тизмедеги тартип сакталбай, тааныш-билиши барлар акчаны кезексиз алып кетишүүдө. Муну бүгүн, 28-апрелде парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында бир катар депутаттар айтышты. Бул тармакта кемчиликтер бар экенин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев моюнга алды. “Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү жылдан-жылга жакшырууда. Бирок кемчиликтер бар, тизме туура сакталбай жатат. Бирок биз ар бир фактыга реакция жасап жатабыз. Банктардын өкүлдөрү менен чогулуш өткөрүп турабыз. Бардык мекемелерде ишеним телефондору иштеп жатат”,- деди Сарпашев.
Өкмөт мүчөсү быйыл 24-апрелге карата дыйкандарга 2,5 миллиард сом насыя берилгенин кошумчалады.