Депутаттар “айыл чарба тармагын бир гана адам башкарышы керек” дешүүдө

"Кыргызстанда айыл чарба тармагын бир гана адам башкарышы керек". Муну бүгүн, 28-апрелде парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутат Мамытбай Салымбеков билдирди. 

“Суу чарба департаменти баш ийбесе, Ветеринария департаменти баш ийбесе, анда Айыл чарба министрлигинин эмне кереги бар? Бул тармакты айыл чарба министрине толук өткөрүп беришибиз керек”,- деди депутат.

Айтылган сунуш боюнча биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев буларды айтты: “Негизи, азыркы систем теориялык жактан туура эле. Бирок иш жүзүндө башкача болууда. Биз райондук деңгээлдеги органды Айыл чарба министрлигине баш ийгидей кылганы жатабыз”.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан