"Кыргызстанда мал ооруларын аныктаган ветеринарларды күнөөлөбөй, мактоо зарыл". Муну бүгүн, 28-апрелде парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутат Талант Узакбаев билдирди. Айтымында, мал доктурлардын жакшы иштешине көмөк көрсөтүү - учурдун талабы.
“Малдын ылаңын тапкан дарыгерди “Эмнеге оору көп болууда?” деп күнөөлөйбүз. Минте берсек алар иштешпейт. Ооруларды жашырып, пайыздарды азайтууга өтүшөт. Тескерисинче, аларды мактап, оорулуу малды жок кылуу менен күрөш жүргүзгөнүбүз туура”,- дейт депутат.
Депутат коопсуздук үчүн өлкөдө малды идентификациялоо процесси үзгүлтүксүз иштеши керектигин белгиледи.