Парламент депутаты Сайдулла Нышанов малы көп фермерлер малга керектүү дарыларды өздөрүнүн чөнтөгүнөн сатып алса жакшы болорун сунуштады. Муну депутат бүгүн, 28-апрелде ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында айтты.
“Ветеринария тармагы, бул жаатта элементардык маселелерди чече албай жатасыңар. Албетте, буга силерге чейинкилер күнөөлүү. Азыркы учурда мамлекет ветеринария тармагын 25 пайызга гана каржылайт. Ошондуктан бай адамдар өздөрүнүн малын өздөрү каржылашы керек. Мисалы, миң кою бар адам малдын жүгүн мамлекетке жүктөп салышы туура эмес. Мамлекетти көрүп жатасыңар. Андан көрө бир жылкысын сатса, 5 жылдык дары-дармегин сатып алат. Ушундай аракеттерди карап көрсөк, мамлекетке да жакшы болот”,- деди Нышанов.