Январь айында Таш-Көмүрдөгү “Кристалл” заводу сатууга коюлат. Бул тууралуу Экономика жана антимонополиялык саясат министрлигинин алдындагы банкроттуулук боюнча департаментинин башчысы Болсунбек Казаков билдирди. Анын айтымында, 10-январда кредиторлор жыйынында “Кристалл” заводунун баасын аныкташат. “Завод үчүнчү ирет сатууга коюлуп жатат, алгачкы баасы 6 миллион АКШ долларын түзгөн. Жыйында акыркы чечим кабыл алынып, комиссия түзүлөт. Комиссия түзүмүнө жергиликтүү кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана Соцфонд кызматкерлери кирет”,- деп кошумчалады Болсунбек Казаков. Заводдун бүгүнкү күндө 420 миллион сом карызы бар. 2010-жылы аны сатып алууга австралиялык "Riche KG" компаниясы кызыгуу билдирип, бирок өлкөдөгү туруксуз абалдан улам сатып албай калган.