Депутаттар жаш ветеринарлардын айлыгын 15 миң сомго жогорулатууну айтышууда    

Ветеринария кызматкерлеринин айлыгын 15 миң сомго жогорулатып, жаш адистерди жумушка тартыш керек. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында комитет төрагасы Сайдулла Нышанов билдирди.

Айтымында, ветеринария тармагына жаш адистердин айлыгын жогорулатуу менен алардын жумушка болгон кызыгуусун арттырууга мүмкүн. 

“Базарлардагы ветеринария кызматкерлеринин эң төмөн айлык менен иштеп жатканы өкүнүчтүү. Булардын айлыгын 15 миң сомго жеткирсек жакшы болот. Анткени азыр андан төмөн айлыкка иштеген адам нан гана жеп жашашы керек. Ветеринария кызматкерлерин 1200 сом айлык менен иштетүү туура эмес”,- деди депутат.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан