Түштүк Кореядагы кеменин кыйрашына байланыштуу өкмөт башчы Чон Хон Вон отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кечээ, 27-апрелде жазышты.
Учурда кырсыктан каза болгондордун саны 187ге жетти. Ал эми дагы 115ге жакын адамдын дайыны билинбей жатат.
Эске салсак, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери.
19-апрель күнү кеменин капитаны Ли Чжун Сок “өз милдеттерин так аткарган эмес” жана “деңиз мыйзамдарын одоно бузган” деп айыпталып, камакка алынды. Ал кеме чөгүп бара жатканда экипажды башкарбай чыгып кеткенин жана ал учурда кемени 25 жаштагы жардамчысы башкарганын айтып, күнөөсүн мойнуна алды.