Христиандарды Рождество майрамы менен төрага Асылбек Жээнбеков куттуктады
Төрага Асылбек Жээнбеков өлкөдөгү христиандарды Иса пайгамбардын туулган күнү - Рождество майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо төрага Кыргызстандын экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө провослав христиандарынын да кошкон салымы чоң экенин белгилеп, коомдогу тынчтык жана ынтымактын бекемделишине көмөктөшүп келе жатканын айтат. Асылбек Жээнбеков жалпы христиандарга бакыт, тынчтык жана бакубатчылык каалады.