Депутаттар дыйканчылык талаалардагы чегирткелерди жок кылууга жеңил учактарды ишке киргизүүнү сунушташууда. Муну парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 28-апрелдеги жыйынында депутат Мамытбай Салымбеков айтып чыкты. "Бул боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, 2 айдан бери өткөрө албай жатам. Бул бир кыйла арзан түшмөк. Трактор менен иштесе, толтура солярка кетет. Ушул демилгени колдоп койгула",- дейт депутат.
Салымбеков Нарында быйыл аба ырайынын кургакчыл болушу чегирткелердин көп болушуна себеп болорун кошумчалады.