57 жаштагы Таш-Дөбө айылынын тургуну "23 жаштагы айымды зордуктоого аракет кылган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, укук коргоо кызматкерлерине 1991-жылы туулган айым кайрылып, 26-апрелде Таш-Дөбө (ред. мурунку Воронцовка ) айылынын аймагынан саат 9:45 чамасында белгисиз адам күч колдонуп зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу айткан. Бул боюнча жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Таш-Дөбө айылынын 1957-жылы туулган тургуну аталган кылмышка шектүү катары кармалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.