Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгынан бир адам каза тапты

Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.

Маалыматтарга караганда, 27-апрель күнү Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну Бишкек-Торугарт автожолунун 32-чакырымында батыштан чыгышты көздөй Тойота-Эстима унаасы менен бара жатып Токмок шаарынын 36 жаштагы тургунун сүзүп алган. Токмок шаарынын тургуну кырсык болгон жерде көз жумган. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан