Кыргызстанга Мекке шаарындагы Аль-Харам мечитинин имамы Махир бин Хамид келет

2014-жылдын 14-май күнү Кыргызстанга Арабия өлкөсүнүн Мекке шаарынын Аль-Харам мечитинин имамы шейх Махир бин Хамид келет. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде муфтияттын басма сөз кызматынын өкүлү Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, шейх Махир бин Хамид 14-15-16-май күндөрү Кыргызстанда болуп, 14-майда Улуттук филармонияда өтүүчү иш-чарага катышат. Ал эми аны Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев жана дин аалымдары коштоп жүрөт. 

Махир бин Хамид Кыргызстанга биринчи жолу келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан