"Эки адамды бычактаган" деген шек менен Баткен облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкектеги №4-шаардык ооруканага бычактан жаракат алган эки жаранды алып келшкен. Алар өздөрү менен чогуу спирт ичимдиктерин ичип отурган таанышы аларга бычак көтөргөнүн маалымдашкан. Издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну кармалып, иликтөө иштери уланууда.