“Бишкек-2” темир жол станциясында жүргүнчүлөрдү ташуучу вагон өрттөнүп кетти

“Бишкек-2” темир жол станциясында жүргүнчүлөрдү ташуучу вагон өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 27-апрель күнү саат 19:20да Л.Толстой көчөсүндө катталган. Анда “Бишкек-2” станциясындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун ички жасалгалары, терезе, эшик, отургучтары күйгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан