Бишкекте “унааны мыйзамсыз тартып алышкан” деген шек менен эки жаран кармалды

Бишкекте “унааны мыйзамсыз тартып алышкан” деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 26 жаштагы М.Азамат аттуу тургуну милицияга кайрылган. Анда ал Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар мыйзамсыз тартып алгандыгы тууралуу айткан.

Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү делинип Бишкек шаарынын 26 жаштагы А.Нурлан жана 32 жаштагы К.Нурбек аттуу тургундары кармалышты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан