“Кыргызстанга дары-дармектин 27 миң түрү киргизилсе, анын 5 миңи гана лабораториялык көзөмөлдөн өтөт” дейт депутат Балтабаев

Кыргызстанга дары-дармектин 27 миң түрү киргизилсе, анын 5 миңи гана лабораториялык көзөмөлдөн өтөт. Муну бүгүн, 28-апрелде парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Ташполот Балтабаев билдирди. “22 миң дарыга сертификаттар кагаздагы маалыматтарга таянып эле берилип жатат. Кагазды эмес, жарандардын коопсуздугун ойлонушубуз керек да”,- деди депутат.

Балтабаев бул боюнча саламаттыкты сактоо министринин пикирин угууну сурады эле, министр Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчиси жооп берерин айтты.

Бирок депутат анын жообун укпай турганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан