“Ливерпуль” футболдук клубунун чабуулчусу Луис Суарес Англиянын Футбол ассоциациясы тарабынан "Англия Премьер-лигасынын 2013-2014-жылкы сезонунун мыкты футболчусу" болуп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, уругвайлык футболчу добуш берүүнүн жыйынтыгында “Челсинин” жарым коргоочусу Эден Азарды жана “Манчестер Ситинин” жарым коргоочусу Яя Турени артка калтырды. Суарес Англия Премьер-лигасында 31 оюнда 30 гол киргизип, бомбардирлер тизмесин жетектеп келүүдө.
Ал эми аталган ассоциациянын версиясы боюнча “Мыкты жаш футболчу” наамы “Челсинин” бельгиялык жарым коргоочусу Эден Азарга тийди.
Жылдын символикалык курамына Пётр Чех (“Челси”), Гари Кэйхилл (“Челси”), Венсан Компани (“Манчестер Сити”), Шеймус Коулмэн (“Эвертон”), Люк Шоу (“ Саутгемптон”), Эден Азар (“Челси”), Яя Туре (“Манчестер Сити”), Стивен Жеррард (“Ливерпуль”), Адам Лаллана (“Саутгемптон”), Луис Суарес, Дэниэль Старриж (экөө тең “Ливерпуль”) кирди.