Учурда Сирияда президенттикке талапкерлерди каттоо жүрүп жатат. Учурдагы президент Башар Асад да өз талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде чет элдик маалымат булактары сириялык телеканалдарга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сирияда президенттик шайлоо 3-июнга белгиленген. Асад президенттикке талапкерлердин жетинчиси катары тизмеге кирди.
Кошумчалай кетсек, 48 жаштагы Башар Асад Сириянын президенти болуп 2007-жылы 27-майда шайлоочулардын 97,62 пайызынын добушун алуу менен шайланган.