Украина: Харьков шаарынын мэри Геннадий Кернеске кол салуу болду

Бүгүн, 28-апрелде Украинанын Харьков шаарынын мэри Геннадий Кернеске кол салуу болду. Шаар башчысы ок атуучу куралдан белинен жаракат алды. Учурда ооруканага жаткырылып, дарыгерлер анын өмүрү менен күрөшүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде чет элдик маалымат булактары жарыялашты.   

Маалыматка караганда, Кернес велосипед менен сейилдеп жүргөндө кол салуу болгон.

Эскерте кетсек, мындан мурун Кернес үй-бүлөсүнө жана өзүнүн дарегине коркутуулар болуп жатканын билдирген.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан