Бишкекте баңги каражаттарын мыйзамсыз сактап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 26-апрель күнү саат 20:20 чамасында Бишкек шаарындагы Ак-Жар жаңы конушунун К.Н. аттуу тургуну кармалган. Аны кароо учурунда жанынан 43 грамм героин табылган. Ошол эле күнү М.М. аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Андан 2 килограмм 874 грамм марихуана алынган. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.