Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети бүгүн, 28-апрелде өкмөттүн 2013-жыл үчүн отчётун укту. Вице-премьер-министр Валерий Дилдин айтымында, 2013-жылы өкмөттүн негизги максаты эл аралык позицияларды бекемдөө, социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүү болгон.
Жыйында депутаттар өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча кырдаалды талкуулашты. “Айрым социалдык талаш-тартыштар саясий чыр-чатактарга өтүп кетиши мүмкүн. Буга байланыштуу өкмөт биринчи кезекте ушундай маселелер менен алектениши керек”,- дейт депутат Бактияр Кадыров.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү өкмөттүн отчётун жактырышты.