Баткенде өзбек тургундарынын колунан сабалган милиция кызматкери ооруканага жеткирилди
Баткен облусундагы чек ара жаңжалында өзбек тургундары тараптан токмок жеген милиция кызматкери ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер анын абалы оор экенин билдиришүүдө. Мындан сырткары ооруканага 10дой адам кайрылып, аларга амбулатордук дарылоо көрсөтүлдү. Ал эми Баткен районунда, Айдаркен жана Чарбак айылдарында барымтага алынган кыргыздардын жакын туугандары чогулушуп, аларды тез арада бошотууну талап кылышууда. Эскерте кетсек, 5-январда Баткендин Чарбак айылына Сох анклавында жашаган өзбектер кирип келип, ондогон адамдарды барымтага алып, бир катар унааларды талкалап салышкан.